Ноокат шаарынын мэри жана жооптуу кызматкерлер кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмышка шектелип, Ноокат шаарынын жооптуу кызматкерлери кармалганын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2017-жылдан 2021-жылдын июнь айына чейинки аралыкта, Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджетке 15 млн 043 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган.

Ноокат шаарынын мэри жана мурдагы спикер, Ноокат шаардык кеңешинин депутаты кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты