​Бир мандаттуу округдан талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктады

  • 3 года мурун

13-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыдагы парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан талапкерлердин арызын кабыл алууну токтотту.

Кечки саат 18:00дөн кийин БШКнын имаратына катталуу үчүн барган талапкерлердин узун кезеги түзүлдү. Буга чейин арыз бергендердин саны 300дөн ашкан.

13-октябрь бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышуу үчүн арыз тапшыруунун акыркы күнү болду. Ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.

Сүрөт: Сүрөт: «ПолитКлиника» / Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты