Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттерге киргизилген чектөөлөр толук алынды

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерине киргизилген чектөөлөр толук алынды. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.

“Эки күндөн кийин “Торугарттан” 32 эмес, 64, “Эркеч-Тамдан” 22 эмес, 44 машина кире баштайт. Кытайдын талаптарынын баарын толук аткарып бүттүк. “Торугарт” бүгүнтөн баштап тоскоолдуксуз иштей баштады. “Эркеч-Там” эки-үч күндө баштайт”, — деди ал.

Кытайдан товар оор жүк ташуучу машиналар менен ушул эки бекет аркылуу ташылып келет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алар дээрлик жабылып, соодагерлер товарын ала албай калган. Мындан улам алар нааразылыгын билдирип, өкмөттөн маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты