Камчыбек Ташиев: Матраимов менен тойдо чогуу отурган жокмун

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиевдин ортосунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу кайым айтышуу болду.

Бекешев “Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү тойдо өздөрү “кустуруп” жаткан адамдар менен бир столдо отурганын көргөн жаштардын көбү өлкөдөн кетип калгысы келүүдө. Алар мунун баарын көрүп көңүлү калууда. Ушундай үлгү көрсөтүп жатышса эмне кылышат?” деген суроо койду.

Депутат өз сөзүндө эч кимдин атын атабаганына карабастан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ага “сындап эмес, каралап жатасыз” деп жооп берди.

“Биринчиден, Райым Матраимов менен бир столдо отурган жокмун. Экинчиден, мен чыгып, сөз сүйлөп, кете бердим. Үчүнчүдөн, аны менен чогуу отурган болсом дагы жаман бир нерсе кылдым деп ойлобойм. Себеби, ал башкалардан айырмаланып, 2 миллиард сом төлөдү. Эгер анын башка да мыйзам бузууларын тапсак, дагы төлөйт. Эч ким аны калкалабайт. Бажыдагы схемаларды токтотуп жаткандыктан, 150 миллиард сомдон ашуун бюджетке түшүүдө”, — деди ал

Эске сала кетсек, жакында эле Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев уулун үйлөнтүп, Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде той өткөргөн. Интернетте тойдо каалоо-тилек айтып жаткан Камчыбек Ташиевдин видеосу тараган. Видеодон анын жанында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, экс-спикер Ахматбек Келдибеков, башкы прокуров Курманкул Зулушев жана ЖКнын депутаттары Улан Примов менен Азамат Арапбаевди көрүүгө болот. Аталган видео коомчулукта кызуу талкууланып, «Коррупцияга каршы мекеменин башчысы ири коррупционер экенин мойнуна алган адам менен бир иш-чарада жүргөнү канчалык туура?” деген суроону жараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты