Түркияда кыргызстандык келин кайнатасынын колунан каза тапты

  • 3 года мурун

Түркиянын Текирдаг шаарында кыргызстандык келин кайнатасынын колунан каза тапты. Кылмышка шектелип 65 жаштагы Фехми А. кармалды. Бул тууралуу SonDakika басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, шектүү Фехми А. менен келини Аят А.нын ортосунда чыр чыгып, Фехми келинин бычак менен сайып өлтүргөн. Андан соң маркумдун денесин бөлүп, бир бөлүгүн үйдөгү таштанды салуучу чакага таштаган. Бир бөлүгүн унаасынын багажына салып жаткан жеринен полициянын колуна түшкөн.

Басылма билдиргендей, Фехми А. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Маркумдун сөөгү Черкезкөй мамлекеттик ооруканасына соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Окуя болгон учурда келиндин жолдошу үйдө болгон эмес. Маркумдун артында эки баласы калды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты