​Парламентте жаңы Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү каралууда

  • 3 года мурун

Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселеси каралууда.

Министрлер кабинетинин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров жаңы экономикалык саясат керектигин белгиледи:

-Өнүктүрүүнүн негизги төрт вектору боюнча аракет кылуубуз керек. Алар: экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү, айыл чарбасын реформалоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести колдоо, көмүскө экономикага каршы күрөшүү, -деди Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин азыркы курамы отставкага кетирилди.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бүгүн парламентте аны төрага дайындоого жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайынlоого макулдук берүү маселеси каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты