Депутат Жетигенов бир мандаттуу округдан талапкер болууга арыз берди

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутат болууга арыз бергендердин саны 13-октябрга карата 308ге жетти.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Кийинки арыз бергендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов бар. Ал №31 Чүй-Кемин округунан талапкер болду.

Жогорку Кеңеш депутаттары Өмүрбек Бакиров, депутат Аалы Карашевдин арыз бергени белгилүү болгон.

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев “Социал -демократ” партиясынын №25 Аламүдүн округунан көрсөтүлдү. Арыз бергендердин арасында экс-депутаттар Туратбек Мадылбеков, Дамира Ниязалиева, Максат Кунакунов, Ошондой эле азыркы парламент депутаты Нурбек Алимбеков, дарыгер Ишенбей Молдоташев, Айбек Бузурманкулов, Дастан Жумабеков, Искендер Матраимов, мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев да арыз берген.

Буга чейин бир мандаттуу округдан талапкерликке аттангандардын арасында Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Тазабек Икрамов, Автандил Кулбараков, Саматбек Ибраев, Эркин Бөлөкбаев, Акбөкөн Таштанбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Атыр Абдрахматова, Азизбек Турсунбаев, Канат Хасанов, Канат Сагымбаев, Райымберди Дүйшөмбиев, Алмазбек Баатырбеков, Алтынбек Сулайманов, Бактыбек Райымкулов жана башкалар тизмеде аталган. Алтынбек Сулайманов бир мандаттуу округдан талапкерлигин алып салдыю Калгандары өзүн-өзү көрсөтүштү.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Сүрөт: Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты