Мамлекеттик катчы Касмамбетов парламенттик шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

  • 3 года мурун

Жаңы дайындалган мамлекеттик катчы Касмамбетов парламенттик шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

Жаңы дайындалган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 12-октябрда, алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

“Президент тарыхыбызда биринчи жолу люстрацияны жүзөгө ашыруу үчүн элге шарт түзүп берди. 36 депутат түздөн-түз аймактардан шайланып келишет. Өзүңөрдүн ишенген өкүлүңөрдү шайлап аласыңар. Бирөө-жарым кысым көрсөтүп, баланчаны шайлайсың деп кыйнай албайт. Мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул талапкердин пайдасына иштебейт. Иштешсе жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышат.

54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай тизме башына төбөсү көрүнгөн, акчалуу саясатчы туруп алып, партиясын өткөрүп, артынан элге жакпаган 20-30 депутатты ээрчитип келмей жок. Эми мындан ары партияга добуш берип, анын ичиндеги өзүңөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиңер. Добуш албаган талапкер өтпөйт. Мына силер жасай турган люстрация, урматтуу замандаштар!” деди Касмамбетов.

Ал шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе боюнча Президентибиз 21-октябрда жалпы республикалык кеңешме өткөргөнү жатат. Айыл өкмөттөрдөн баштап, Өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышарын айтты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Сүрөт: Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты