Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилди

  • 2 года мурун

Көмүр баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты