ИИМ Сүйүн Өмүрзаковдун шайлоого аттанганын ырастады
- 3 года мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун кызматынан кеткенин тастыктап, анын алдыдагы шайлоого катышарын маалымдады.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 11-сентябрда Сүйүн Өмүрзаковду кызматынан узатуу иш-чарасы өттү. Ага Президенттик администрациянын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, башкармалыктардын башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Өмүрзаков министрдин биринчи орун басары кызматын тапшырып, шайлоого аттанганын билдирген. Ал бул кызматка 2016-жылдын июнунда дайындалган.
Өмүрзаковдун ордуна ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы Адыл Бийбосунов келди.
Муну бөлүшүү