«Ынтымак» партиясын шайлоого Чыңгыз Макешов жетектеп барат

  • 3 года мурун

11-октябрда «Ынтымак» саясий партиясынын съездди болуп өттү. Курултайда партия парламенттик шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти.

«Ынтымак» партиясын алдыдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты, «Келечек» партиясынын төрагасы Чыңгыз Макешов баштап барат. Ал эми талапкерлердин тизмедеги катары чүчү кулак аркылуу аныкталды. Ага ылайык, алдыңкы бештикке Чыңгыз Макешов, Марлен Маматалиев, Бакыт Тентишев, Аида Исатбек кызы жана Сагындык Келдибаев кирди.

Булардан тышкары партиянын тизмесинде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, мурдагы инвестициялар министри Алманбет Шыкмаматов, Бишкек шаарынын мэринин мурдагы м.а. Балбак Түлөбаев, президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштар боюнча кеңешчиси Адинай Марипова, №17 үй -бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова, «Не сахар» долбоорунун автору Эрулан Кокулов бар.

Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты