Эрулан Кокулов журналисттер “мафиясын” сындады. Депутаттар жеке маселени бул жактан айтпоону эскертти

Депутат Эрулан Кокулов аны журналисттердин айрым тобу бир жактуу каралаганын айтып чыкты.

-Кыргызстанда журналисттер “мафиясы” бар. Муну мен ар дайым айтып келгем жана айта берем. Журналист деген ким? Журналист бул акыйкат, эки тараптуу көз карашты, маалыматты так жана даана чыгаруу. Мунун баары эмнеден башталган? Мен журналисттерге бир эле жолу эмес, көп жолу кайрылгам, эскертүү бергем, “мен силердин коллегаңармын” деп. Мыйзамды одоно бузасыңар, силерге мыйзам жазылган эмеспи?- деди депутат Эрулан Кокулов.  

Жогорку Кеңештен бир айча мурун айткан сөзүн, аны айрым журналисттер сындап, башка коллегаларын жакшынакай эле чыгарарын айткан. Ал ошол видео чыккандан кийин, Тоң районундагы аптеканы текшергенден кийин, ал аптека жакшы жерге көчкөнүн, бирок журналисттер аны сындап чыгарганын, экинчиси жол коопсуздугу боюнча анын видеосун да, кескилеп, журналистиканын принциптерин бузуп чыгарганын сындады.

Депутат Кокулов жакшы, мыйзамды бузбаган журналисттерден кечирим сурады.

Ал эми депутат Акылбек Түмөнбаев Эрулан Кокуловду парламенттин трибунасын жеке маселеси үчүн колдонбоого чакырды.

-Эрулан мырза өзүнүн жеке кызыкчылыгыбы же жеке ишиби, 10-15 мүнөт сүйлөдү, канча деген депутаттар отурат, ошолордун баарынын убактысын алып жатат. Жеке маселесин Фейсбугу барбы, түз эфири барбы, ошол жерден кайрылсын. Бул жерге туруп алып, мамлекет үчүн “мыйзам жазып жатам, долбоор алып келдим” деп айтса, макул дейт элек. Эми бул жерден ГАИ кызматкери менен, журналист менен уруштум деп жатат. Урушса анын жеке иши, -деди Акылбек Түмөнбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева да кесиптеши Эрулан Кокуловдун парламент трибунасын жеке маселесин айтуу үчүн колдонгонун сындады.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевди борбордук трибунага чыгаардын алдында эмне маселе көтөрүлөрүн тактоону өтүндү.

-Силердин өзгөчө мамилеңиздер бар, фракциялашсыздар. Мен деле арыздана турган сөздөрүм көп, ар бир депутаттыккы көп, жеке маселелер, куугунтуктар, кеткен кишилер боюнча. Таарынычтарды, өзүнө тиешелүү сөздөрдү айта турган жер, подкасттар, массалык маалымат каражаттары бар, ошол жактан арыз-муңду айтыш керек. Бул улуу трибунада элдин көйгөйлөрүн көтөрүш керек. Жакында болгон окуялар боюнча мен деле тепкиге алындым, Улуттук телерадио компаниядан фейк маалыматты чыгарып жатышат. Ал боюнча мен тиешелүү кызматтарга кат жолдойм. Аны “мен таарындым, менин аброюма шек келтирип жатасыңар” деп айтпайм,-деди Элвира Сурабалдиева.     

Эрулан Кокулов анын мурдагы фракциялашы болсо да, бардык депутаттарга бирдей кароого чакырды.

Спикер Марлен Маматалиев топтун лидерлери менен сүйлөшүп, бул ыйык трибунада мамлекеттин, элдин кызыкчылыгындагы гана маселени көтөрүү тууралуу сүйлөшкөнүн билдирди. Ал эми Эрулан мырза бир да топко кирбегенин, 10 мүнөттүк убактысы бар экенин, чыгаар алдында эмне маселени көтөрүү алдында алдын ала айтып коюуну суранды.     

Эрулан Кокулов аларга жооп кылып, сөздү бурмалабоо керектигин, парламент мыйзам жазуу  эле эмес, мыйзамды көзөмөлдөө да орган экенин, мыйзамдуулукка чакырганын билдирди.

Сүрөттө: Эрулан Кокулов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты