«Фейсбуктун» колдонуучусу тынчтык митингине чакырган посту үчүн УКМКга суракка чакырылды

  • 3 года мурун

«Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу Нурэлес Уметалиев «бийликти күч менен басып алууга чакырган» деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу Уметалиев өзүнүн баракчасына жазды.

Уметалиевдин ПолитКлиника медиасына берген маалыматына ылайык, ал ушул жылдын 21-июнунда президент Садыр Жапаровдун берген убадаларын аткаруусун талап кылып, тынчтык митингин уюштуруу жөнүндө пост жазган. Пост жарыяланган соң Ички иштер министрлигинен байланышып, постту өчүрүп коюуну талап кылышкан. Уметалиев пост менен бирге аккаунтун дагы өчүргөнүн билдирди.

«Постту өчүргөнүм менен скриншот кылынып, материалга жүктөлүп калыптыр. Ошол пост боюнча эртең саат 10:00дө УКМКга суракка барам», — деди ал.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты