​Кыргызстанда Министрлер кабинетинин курамы алмашары күтүлүүдө

  • 3 года мурун

Кыргызстанда Министрлер кабинетинин курамы алмашары күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу өкмөттөгү ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралып жатат.

«Азаттыкка» өкмөттөгү ишенимдүү булактар Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы кызматын сактоо менен бирге коопсуздук тармагын тейлеген вице-премьер-министр кызматына дайындалары күтүлүп жатканын билдирген.

Өкмөттүн жаңы курамы 12-октябрда жарыяланышы мүмкүн.

Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган эмес, ошол эле маалда аны четке каккан дагы эмес.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституциянын жаңы долбооруна кол койгондон кийин өкмөт Министрлер кабинети деп өзгөртүлүп, өкмөттүн жаңы түзүмү жана курамы бекитилген.

Учурдагы Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 3-февралда өкмөт башына келип, жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин кызматын сактап калган эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты