Үч партия алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

  • 2 года мурун

“Эмгек партиясы”, «Либералдык-прогрессивдүү партиясы” жана “Ар-Намыс” саясий партиясы 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди.

БШК жыйында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен партиялардын билдирмесин карап чыгып, аны канааттандырды.

Маалыматта белгиленгендей, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты