Бир мандаттуу округдан талапкер болгондордун саны 192ге жетти

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутат болууга арыз бергендердин саны 10-октябрга карата 192ге жетти.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Сүрөт: Сүрөт: «ПолитКлиника» / Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты