Сузактагы айыл өкмөттөн өрт чыкты
- 3 года мурун
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 10-октябрда. саат 8 дерде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынан өрт чыкты.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.
Өрт адегенде андагы көмүрканадан чыгып, 20 тонна көмүр өрттөнгөн, андан кийин кызыл жалын айыл өкмөтүнүн имаратына өткөн.
Көмүрканадан чыккан өрт саат 09:03тө чектөөгө алынгандыгы, өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт:ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү