COVID-19: 93 учуру аныкталды. Бир бейтап каза тапты
- 3 года мурун
10-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 93 учуру катталды.
Анын ичинде:
Бишкек – 71;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 6;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 0.
Коронавирустун жалпы 179 281 учуру катталды.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын жалпы саны — 66 киши. Айыгып чыккандардын жалпы саны — 174 019.
Каза болгондор — 1, ал эмдөө албагандар арасынан чыкты. Каза тапкандардын жалпы саны — 2619 киши.
Стационарда 449 жана амбулатордук түрдө 702 киши дарыланып жатат.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдан билдиришти.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү