Бишкекте казак жазуучусунун «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтик китебинин бет ачары өттү

  • 3 года мурун

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, жазуучу Баянгали Алимжановдун «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтик китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аземге Кыргызстандын маданият министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, композитор Сакен Керим уулу Турысбеков, Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, сүрөтчү Алпысбай Казгулов Алпысбай Нагмет уулу, Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Манас жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев, Кыргызстандын Эл артисттери Саламат Садыкова, Муратбек Бегалиев, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев жана бир катар маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты