Майыптыгы бар балдарга берилчү жөлөк пулга кошулган сумма ноябрь айында төлөнөт

  • 3 года мурун

Майыптыгы бар балдарга берилүүчү жөлөк пулга кошулган сумма ноябрь айында төлөнөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун 2-сентябрда кол койгон жарлыгына ылайык, ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдарга жана бала кезинен майыптыгы бар адамдарга төлөнүүчү акчанын өлчөмү 1-октябрдан тартып 50 пайызга көбөйтүлмөк. Бирок Биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова айрым ата-энелер октябрь айы үчүн майыптыгы бар балдарына мурдагыдай эле көлөмдө 4000 сом жөлөк пул алышканын кабарлаган.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, президенттин жогорудагы жарлыгын ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыккан. Токтомдун долбоору азыр өкмөттө каралып жатат.

«Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынган соң мамлекеттик жөлөк пулдар ноябрдан тартып жогорулатылган көлөмдө төлөнө баштайт», — деп билдиришти ведомстводон.

Мындан тышкары министрлик президенттин жарлыгына ылайык жогорулатылган жөлөк пул 1-октябрдан тартып эсептелерин кошумчалады. Тактап айтканда, октябрь айы үчүн кошулган сумма ноябрь айында төлөнөт.

Президенттин 2-сентябрда кол койгон жарлыгына ылайык, ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдардын, майыптыгы бар балдардын, атасынан же энесинен айрылган балдардын, бала кезинен майыптыгы бар адамдардын, ата-энеси белгисиз балдардын жөлөк пулу 50 пайызга көтөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты