​Кыргызстандык жаран АКШда полициянын ок атуусунан каза тапты

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги ЖМКда жарыяланган кыргызстандыктын АКШдагы өлүмү тууралуу маалымат таратты.

Билдирүүдө Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.Н. нын АКШда каза апкандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылат.

Кыргызстандык жаран 2021-жылы 5-октябрда АКШнын Пенсильвания штатынын полициясы тарабынан атылган октон алган көптөгөн жаракатынан улам каза тапкан.

Элчилик АКШнын мамлекеттик департаменти жана ички коопсуздук министрлигине бул окуя боюнча кат жөнөткөн. Азыр алардын жообун күтүп жатышат.

Маркумдун туугандары тиешелүү документтери даярдалып бүткөндөн кийин анын сөөгүн Кыргызстанга жиберүүнү пландаштырып жатканын билдирген.

Элчилик маркумдун бир тууган агасы менен байланышта болууда. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экени айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты