​УКМК: Кара-Суу райондук “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын экс-жетекчиси кармалды

  • 3 года мурун

2015-2018-жылдар аралыгында Кара-Суу районунун “Кадастр” башчысы болуп иштеген жана бул кылмышка тиешеси бар болуп чыккан райондук “Кадастр” ишканасынын директору кармалды.

Бул тууралуу Улутттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Экс-жетекчи Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмышка шектелүүдө.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгендиги маалымдалды.

Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы

жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалган.

Иллюсрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты