​Партиялар депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезд өткөрүүдө

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу округдарда талапкерлерди көрсөтүү үчүн саясий партиялар съезддерин өткөрүүдө.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен көрсөтүлөт.

Бүгүнкүгө карата бир катар саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезддери өткөрүлүүчү жер жана дата тууралуу БШКга билдиришти.

Саясий партиянын аталышы

Саясий партиянын съездин өткөрүү

Датасы

Убактысы

1

«Социал-демократтар»

2021-ж. 7-октябры

саат 15.00дө

2

«Бүтүн Кыргызстан»

2021-ж. 9-октябры

саат 10.00дө

3

«Ата Мекен»

2021-ж. 9-октябры

саат 11.00дө

4

«Ыйман Нуру»

2021-ж. 9-октябры

саат 15.00дө

5

«АЛЬЯНС»

2021-ж. 12-октябры

саат 11.00дө

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Сүрөт: «ПолитКлиника» / Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты