Үч айга созула турган «Микстура» фестивалы башталат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 7 -октябрда, «Микстура» маданий өнүгүү, искусство фестивалынын катышуучулары пресс-конференция өткөрүп, өздөрүнүн долбоорлору тууралуу айтып беришти.

Жолугушууну ачаарда, Сорос-Кыргызстан фондунун жетекчиси Шамил Ибрагимов фестивалдын негизги максаты, чынында, маданият жана искусство жөнүндө гана эмес экенин белгиледи.

2021-жылдын октябрь айынын башынан баштап «Искусство жана маданият» программасынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун өнөктөштөрү ар кандай багыттагы жана форматтагы маданий иш-чаралардын сериясын алып барышат.

Микстура фестивалынын негизги максаты — акыркы он жылдын ичинде Кыргызстанда болгон маданий көп түрдүүлүктүн акырындап жоголушуна коомдун көңүлүн буруу жана жалпы элдик чыгармачылыктын жана маданияттын көп түрдүүлүгүн сактоо идеясын жайылтуу. Үч айдын ичинде Бишкекте спектаклдерди, музейлерди, ди-джейлердин аткарууларын, көргөзмөлөрдү, ачык лекцияларды, шоу жана музыкалык концерттерин камтыган иш-чара өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты