Депутат Мадеминов: Президент Жапаровго жардам берели десек, саясий куугунтукту токтотуш керек

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов Курсан Асанов менен Сарыбаевдин сүйлөшүүсү деген аудио экспертизанын жыйынтыгында жасалма болуп чыкканын, өлкөдө саясий куугунтукту токтотуш керектигин билдирди

-Кечээ генерал Курсан Асановдун адвокаты Россия менен Казакстанда жасалган көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгын чыгарылганын билдирди. Ошол жерде Курсан Асанов менен Сарыбаевдин сүйлөшкөндөрүнө экспертиза жасалма деген жыйынтык чыгарганы белгилүү болду.

Өлкө экономикалык аябай кыйын кырдаалда турат. Эгер ушул кырдаалда биз жалпы — парламент, өкмөт, күч бийликтери Президент Садыр Жапаровго жардам берели десек, саясий куугунтукту токтотушубуз керек. Экинчи, Башкы прокуратурага проткоолдук тапшырма берсеңиз, ким жасады, бул сөзсүз талашсыз, күч органдары жасады, Сарыбаев менен Курсан Асановдун сүйлөшүүсүн. Тез арада башкы прокуратура териштирип, бул ишти ачыкка чыгарыш керек.

Катаал окуялар көп болгон. 1993-жылы Россияда Дума менен Ельциндин ортосунда тирешүү болуп, Ак үйдү атышууга жеткен. Ельцин ошол учурда амнистия жарыялаган.

Күч органдары саясий туура эмес аракеттерин токтотуп, Президентке жардам берип, экономиканы биринчи планга чыгарганга өтпөйлүбү, -деди Мадеминов.

Ал эми Ички иштер министрлиги Курсан Асанов менен Сарыбаевдин аудио сүйлөшүүсү кайрадан экспертиазага жиберилерин айтты.

Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова Асанов менен Сарыбаевдин сүйлөшүүсү дегенаубо атайын жасалмалап коюлганын экспертиза тастыктаганын билдирген.

Жакупованын айтымында, Москва жана Алматы шаарларында көз карандысыз эки экспертиза жүргүзүлгөн.

«Эксперттер ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти басып алуу жөнүндө айтып жатат делген аудио монтаждалган деген жыйынтыкка келишти. Документтерде кайсы жерлерде эки же андан ашык аудиофайлдын монтаждалганы так көрсөтүлгөн».

Эске сала кетсек, сентябрь айында бийликти күч менен басып алууга шектелип ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «АКБ Толубай» ЖАКынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев кармалган. Андан мурун социалдык тармактарда Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио жаздыруу тараган. Анда Курсан Асанов, Жанар Акаев жана дагы башка саясатчылар бийликти күч менен басып алууга камынып жатканы айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты