«​Айыл банкка» кредит жана айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 426,6 млн сом бөлүндү

  • 3 года мурун

«Айыл Банк» ачык акционердик коомуна өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүндү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика жана финансы министрлигине белгиленген тартипте өзүнчө кредиттик линия ачуу жана айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды лизингге берүү үчүн “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна Улуттук банкынын кайтарым эсептеринде топтолгон 426 677 758 сом өлчөмүндөгү буга чейин берилген гранттар жана кредиттер боюнча финансы каражаттарын берүү тапшырылды.

«Айыл Банк» ачык акционердик коомуна чарба жүргүзүүчү субъекттерге айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталды:

1) лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин;

2) пайыздык ставка – жылдык 4,5 пайыз;

3) баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10 пайызынан кем эмес;

4) күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети);

5) карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01 % өлчөмүндө кредиттин негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты