19 миңден ашык адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө өзү тыюу салды  

  • 7 месяцев мурун

Ноябрь айынын биринчи жумасында 19 миңден ашуун адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды.

Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө мыйзам 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирген.

Бул кызмат көрсөтүү акысыз жана аны каалаган убакта “Түндүк” мобилдик тиркесемси аркылуу аткарууга болот.

Кредит алууга өзүнө өзү тыюу салуу белгиленген шартта бир да кредттик уюм, анын ичинде жасалма же уурдалган паспорт менен кайрылса да бере албайт.  

Эгерде кредиттик уюм өзүнө өзү кредит алууга тыюу салуу  шарттарын бузуу менен берсе, мындай келишим юридикалк жактан жараксы деп эсептелинет жана кредиттик уюм мындай бузуулар үчүн жоопкерчилик тартат.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты