«Айыл Банктын» аталышы «АБанк» болуп өзгөртүлдү
- 5 месяцев мурун
«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун аталышы «АБанк» болуп расмий өзгөртүлдү.
“Аталыштын өзгөрүшү банктын ишмердүүлүгүнө жана кардарлар менен өнөктөштөрдүн алдындагы милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. Бул өзгөрүү банктын акыркы жылдардагы өнүгүү жолунун табигый уландысы болуп саналат. Технологиялар жаңыланып, чечимдер өркүндөтүлүп жатат, ошол эле учурда кардар ар дайым Банктын ишинин борборунда калууда” деп айтылат банктын билдирүүсүндө.
-30 жылдан ашык убакыттан бери банк Кыргызстан менен бирге өнүгүп, аймактарды колдоп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, өлкө боюнча ишкерлерге жана жарандарга финансылык колдоо көрсөтүп келет. Бул аралыкта банк жаңы технологияларды киргизип, кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртты.
Банктын жаңы аталышы анын заманбап имиджин чагылдырып, брендди бирдиктүү кылуу жана анын таанымалдуулугун жогорулатуу максаттарына ылайык келет. Банктын негизги баалуулуктары — ишенимдүүлүк, жоопкерчилик жана кардарларга болгон колдоо — өзгөрүүсүз бойдон калат, деп айтылат банк маалыматында.
Сүрөт: Интернет булактарынан




