Рыскелди Момбеков: “Атам экөөбүзгө бир ыштан, кантип чыгабыз бул кыштан?” болуп турат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 7-октябрдагы парламенттин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков кышкы маалга даярдыктын жок экенин сынга алды.

-Биз бүгүнкү күндө энергетиктердин даярдыгын эмес, чабалдыгын карашыбыз керек.

1-2 күн суук болуп, кыламык кар жаады, жылытуу сезонуна даярдык нөл экени билинип калды. Болот деген суу болгон жок, толот деген Токтогул толгон жок, топбазада көмүр жок, толгон нерсеге көңүл жок. Жетекчилердин жеке жоопкерчилигин карай турган мезгил келди.

Айрым массалык маалымат каражаттарында айтылып кетпедиби, “Ширшов келиптир, муну менен жолугушуптур” деп. Ширшовдун киргени чатак эмес, Ширшовдун схемасынын киргени чатак. Кеп — Ширшовдун тамагында эмес, кеп Ширшовдун — заманында. Кеп — Ширшовдун кадамында эмес, кеп — Ширшовдун адамында. Мына Ширшовдун убагындагыдай, веердик өчүрүү башталды. А булар аны “пландык өчүрүү” деп ат коюп алды. Буга ким ишенет? Азыр Чүйдүн жарымында свет жок. Ремонт, веердик өчүрүү дейт. Ремонтту кыш түшкөндө кылабы?

Бири түнкү жарыкты өчүрүш керек, “ненормальный” адамдар көчөгө чыгып жатат дейт.

Министрибиз Тажикстандан электр энергиясын импорт кылып алып жатабыз деп айтты. Ал эми тажиктердин энергетика министри биз маалыматты каткан жокпуз, кыргыздарга электр энергиясын саткан жокпуз деп айтты.

Булар кышка кам көрбөй, кадрларга кам көргөн. Бүтүндөй РЭС начальниктерин алмаштырган болчу. Бүгүн анын запкысын эл тартып жатат. Көмүр жок, свет жок, свет жок болсо, шаарда суу да жок. “Атам экөөбүзгө бир ыштан, кантип чыгабыз бу кыштан?” деп калышпадыбы? Көмүр таппай, элдин баары көчөдө калбадыбы? Өкмөттүн кышка даярдыгын эмес, чабалдыгын караш керек. Энергетика тармагындагы адамдарды кызматтан кетириш керек. Алар кышка даяр эмес экенин бүгүнкү күндөр көрсөтүп койду, -деди Рыскелди Момбеков.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты