Дайынсыз болгондор Теректи ашуусунан аман-эсен табылды
- 3 года мурун
18-сентябрда 44 -45 жаштардагы эки жаран жана 45 жаштагы аял Ысык-Көо облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан чыгып, тоо тарапка, Баш-Көл көлүнө кеткен бойдон кайтып келбей жатканы тууралуу кабар түшкөн.
4-октябрдан тартып издөө иштери жүргүзүлүп келген.
5-октябрда куткаруу тобу Баш-Көлдү көздөй издөө иштерин баштаган.
Аталган жарандар чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Теректи ашуусунан аман-эсен табылганын өзгөчө кырдаалдар министрилигини басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү