Кой-Таш окуясы: Атамбаев өзүнө карата ачылган кылмыш ишин өзүнчө бөлүп кароону суранууда

  • 3 года мурун

Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс улантылды. Бирок отурумга айыпталуучулардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген жок.

Ал сотту анын катышуусу жок өткөрө берүү тууралуу арыз жазган. Андан тышкары ага байланыштуу ишти өзүнчө бөлүүнү суранган.

Адвокат Замир Жоошев бул өтүнүчтү колдоорун билдирип, Атамбаевдин ден-соолугу толук калыбына келгенге чейин анын ишин бөлүп кароо зарыл экендигин белгиледи.

Айыпталуучунун бул өтүнүчү башка жактоочулар тарабынан дагы колдоого ээ болду. Алар бир айыпталуучунун айынан соттук процесс создугуп жатканын билдиришти.

Судья Азирет Медеров соттук отурумду 25-октябрга жылдырды.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 3-мартынан бери карап жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты