Чүйдө баңгизат сатууга шектелип 39 жаштагы адам кармалды

  • 3 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунда баңгизат сатууга шектелип 39 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-сентябрында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Аламүдүн районундагы менчик мейманканалардын биринен 1982-жылы туулган М.А. баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалган. Шектүүнү кармоо учурунда анын сумкасынан 3 килограммдан ашык баңгизаты табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча табылган каражаттын 3 кг 688 гр өлчөмүндөгү «Опий» баңгизаты экени аныкталган.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты