​“Микстура” арт-фестивалы өтөт

  • 3 года мурун

Октябрь айынын башынан баштап «Искусство жана маданият» программасынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун өнөктөштөрү ар кандай багыттагы жана форматтагы маданий иш-чаралардын сериясын алып барышат.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди

Маалыматта белгилендей, “Микстура” фестивалынын негизги максаты — акыркы он жылдын ичинде Кыргызстанда болгон маданий көп түрдүүлүктүн акырындап жоголушуна коомдун көңүлүн буруу жана жалпы элдик чыгармачылыктын жана маданияттын көп түрдүүлүгүн сактоо идеясын жайылтуу.

Үч айдын ичинде Бишкекте спектаклдерди, музейлерди, ди-джейлердин аткарууларын, көргөзмөлөрдү, ачык лекцияларды, шоужана музыкалык концерттерин камтыган иш-чаралар өткөрүлөт.

Архивдик сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты