Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир киши каза болду
- 3 года мурун
5-октябрда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында «Audi-100» унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сайга түшүп кеткен. Анын кесепетинен айдоочу каза болуп калган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айдоочу Э. А. 1985-жылы туулган.
Тогуз-Торо райондук 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүнИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү