Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 5-октябрда кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Бул жетишкендиги менен ал Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.

65 килограмм салмакта Алибек Осмонов 3-орун үчүн беттеште польшалык Кристов Биенковскини 4:1 эсебинде жеңип, коло байге алган.

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында күмүш байге алды.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты