Былтыр октябрь окуясында ​каза тапкан Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир берилди

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсү – атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева менен жолугушту.

Мамлекет башчы Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаевге Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан соң, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жаш жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөттү.

2020-жылы 5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин болгон башаламандыктан каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери былтыр 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

Сүрөтт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты