​Өзбекстанда радикалдуу топторго көзөмөл күчөтүлдү

  • 3 года мурун

Сентябрда Өзбекстандын укук коргоо органдары радикалдуу диний топтор менен күрөштү күчөтүп, ишмердүүлүгүн жандандырып жаткан диний топтордун даректери боюнча рейддерди өткөрүштү.

“Оздоликтин” өз булактары кабарлагандай, бул чаралар Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин жана Өзбекстанда диний радикализм коркунучу күчөгөн маалда көрүлө башталды.

“Көптөн бери эле ар түрдүү радикалдуу топтор жанданганы тууралуу билдирүүлөр түшө баштаган. Өзүңөр билесиңер, алар дайыма эле байкоо алдында. Бирок “Коопсуз зона” операциясы башталгандан кийин рейддер жүрүп, айрым кишилер кармалды. Алардын көбү мурда түрмөдө отуруп чыккандардын тизмесине киргизилди. Издөөдө жүргөндөр да бар…”, — деди ИИМде тергөөчү болуп иштеген өз булак.

Өзбекстан ИИМи билдиргендей, акыркы айда эле бул рейддердин алкагында 200 киши кармалды. Алардын көбү “Хизб ут-Тахрир” уюмуна тиешеси бар деп шектелүүдө.

Бул арада Сурхандарыя облусунун Ооганстан менен чектеш райондорунда Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) көзөмөлү күчөтүлдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты