​Ооганстандык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

  • 3 года мурун

Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар климаттык шарты катаал, бийик тоолуу аймакта жашайт жана кыш бул жерге эрте түшөт.

Памирлик кыргыздар үчүн — 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган. Бул аларды кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилүүдө.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирген.

Сүрөт: Ооганстандык кыргыздарга берилген гумжардам учурундагы архивдик сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты