Масадыков Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Президентинин администрациясы расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстанда «Талибан» кыймылы түзгөн өкмөттүн жетекчилери менен жолукканын ырастады.

Мекеме 23-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирди.

Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадарга тапшырылды.

“Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен Абдул Гани Барадар кеңири баарлашты. Анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, өлкөдөгү жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты”, — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүү учурунда Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарыл экенин белгилеп, талибдерге өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү керектигин айткан.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев Кабулда Ооганстандын «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушканын. 23-сентябрда талибдердин өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забиулла Мужахид «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Таалатбек Масадыков мындан тышкары Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөргөн.

Август айында талибдер ооган өкмөтүнө каршы ыкчам чабуул коюп, Ооганстандын бардык аймактарын басып алган. 15-августта өлкөнүн баш калаасы Кабулду ээлеп алган соң өз бийлигин орнотконун жарыялашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты