Кой-Таш окуясы: Атамбаев бул жолу дагы соттук отурумга алынып келген жок

  • 3 года мурун

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс улантылып жатат. Бирок бул жолу дагы соттук отурумга айыпталуучулардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген жок.

Судья Азирет Медеров Атамбаевдин отурумга онлайн режимде катышуудан баш тартканын билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент ден-соолугуна байланыштуу соттук отурумга катыша албастыгын билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 3-мартынан бери карап жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты