Рыспек Акматбаевдин ата-энеси катышкан жол кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 4-октябрда Ысык-Көл районунда катталган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдиргенине караганда, жол кыргысы бүгүн саат 10:05те орун алган. Чолпон-Ата шаарынын 84 жаштагы тургуну Абдымалик Акматбаев Lexus RX-300 үлгүсүндөгү унаа менен Балыкчи — Ананьево — Каракол жолунда кетип бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Унаа жолдон чыгып кетип, ала салып кеткен. Кырсыктан айдоочу жана жанындагы 80 жаштагы жубайы каза тапкан.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реесртине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты