Токмоктогу жол кырсыгынан эки адам набыт кетти

  • 2 года мурун

Токмок шаарында Toyota RAV4 жана «Мазда» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, эки адам набыт кетти. Каза болгондордун бири «Бирге» партиясынын мүчөсү Кубан Сокубашев экендигин партиянын лидеринин маалыматына таянып, 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү катталып, Кубан Сокубашев жана 34 жаштагы бир аял каза болгон.

Кырсыктан жалпы жети киши жабыркаганы айтылууда.

Учурда кырсыктын себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты