Экономика министрлиги: Ишкерлерге үстөк пайызсыз насыя берилет

  • 3 года мурун

Кыргызстанда жеке жана финансы секторун колдоо долбоорунун алкагында ишкерлерге үстөк пайызсыз насыя берилет. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында 72 млн. долларды ишкерлерге үстөк пайызсыз жардам катары берүү каралган.

Татиков каражат пайызсыз негизде берилгени менен ал сумманы кайтаруу шарты бар экенин белгиледи. Башкача айтканда, ишкерлер негизги сумманы кайтарып бериши керек.

Министрлик берген маалыматка ылайык, жогорудагы суммадан патент менен иштеген майда ишкерлер үчүн жалпы 30 млн доллар бөлүнөт. Бир кайрылуучуга 100 миң сомдон каралган. Ал эми салык төлөп келген чакан, орто ишканаларга, юридикалык жана жеке тараптарга 42 млн доллар берилет. Ар бир ишкер 825 миң сомго чейин ала алат.

Белгилей кетсек, программа Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Долбоордун максаты — майда, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты