Жапаров: Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча пикирин билдирди. Анда ал мындан ары бардык шайлоолор таза өтөрүн, административдик ресурс таптакыр колдонулбасын белгилеген.

«Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.
Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим»,- деп жазды өлкө башчысы.

Садыр Жапаров жаңы шайлоо мыйзамдары боюнча бир мандаттуу округдан шайлануучу 36 депутат ошол аймактагы элдин түздөн-түз өкүлү болорун айтып, партиялык тизме менен шайлоо да өзгөргөнүн билдирген. Президент мурдагыдай партия үчүн добуш берүү, партиялык тизмедеги алдыңкы ондук үчүн добуш берүү болбосун айтты.

«Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды».

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты