​Бишкекте 9 жашар бала үч инисин өрттөн куткарды

  • 3 года мурун

Бишкектеги №49 орто мектебинин 3 «К» классынын окуучусу, 2012-жылы туулган Нурмухамед Жумабеков күйүп жаткан үйдөн 7, 5,3 жаштар үч инисин куткарып калды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эрдиги үчүн Нурмухамед Жумабеков министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынын атынан Ардак грамота менен сыйланды.

Ушул жылдыг 24 -сентябрында саат 13:44 чамасында Биринчи Май районунун Месарош көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, өрттүн кесепетинен 90 чарчы метр времянка күйүп кеткен. Нурмухамед бөбөктөрүн ошол күнү өрттөн сактап калды.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты