Азиз Аалиев: Эл үчүн электр энергиясы жана ысык суу кымбаттабайт

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев бүгүн пресс-конференцияда эл үчүн электр энергиясынын баасы кымбаттабай турганын билдирди.

Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун кошумчалады. Андагы кабыл алынган чечимге ылайык, айына 700 кВ саатка чейин мурдагыдай эле 77 сомдон, ал эми 700 кВ сааттан ашса, 2сом 16 тыйын боюнча өзгөрүлбөй кала турганын айтты.

Социалдык мекеме, электротранспорт, диний уюмдаргасалыкты эсептебегенде, 1 кв саатына 1сом 68 тыйындан болот.

Аалиевдин айтымында, кымбаттоо насос станцияларына тиешелүү, алар үчүн электр энергиясы 1, 09тыйындан;

-бюджеттик өнөр жай ишканалары, айыл чарба ж.б. керектөөчүлөр үчүн 2 сом 52 тыйын болот.

Ал эми коммерциялык уюмдарга (майнинг компания, алтын өндүрүү ишканаларына, алкоголь өндүрүшүнө, цемент заводдоруна) электр энергиясынын баасы көтөрүлөт.

Ошондой эле калк үчүн жылытуу жана ысык суунун баасы да мурункудай сакталарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты