400дөн ашуун жаштарга жана майыптыгы бар адамдарга IT сабаты берилди

  • 3 года мурун

АКШ колдогон «Чыгармачыл кесиптер академиясы» жумуш жана билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелген 400дөн ашуун жумушсуз жаштарга жана майыптыгы бар адамдарга бекер виртуалдык курстарды жана IT жөндөмдөрүн сунуштаган долбоордун жабылышын уюштурду.

Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун катышуучулары 18-30 жаштагы Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарынын тургундары. «Чыгармачыл кесиптер академиясы» АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен “Sun People” коомдук фонду тарабынан биргеликте ишке ашырылган.

Жабылыш аземинде АКШ элчилигинин Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Шейна Крэм АКШнын Кыргыз Республикасынын жаштарына жана өнүгүп жаткан IT тармагына колдоо көрсөтүп жатканын баса белгилеп: «Чыгармачылык кесиптер академиясы алыскы региондордон келген жаш кыздар менен балдарга, жана майыптыгы бар адамдарга IT чеберчилиги жана жаңы кесипке ээ болуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат» деди..

Конкурстун алкагында жабылуу иш -чаранын жүрүшүндө таланттуу 15 катышуучу өз эмгектерин тартуулашты. Бул сынактын жыйынтыгында долбоордун өкүлдөрү жана жеке компаниялар тарабынан биринчи, экинчи жана үчүнчү орундун ээлери тандалып, сыйлыктар менен сыйланышты. Жабылуу аземине катышкан бардык 15 катышуучу жеке компаниялар менен стажировка программалары мене таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Долбоор жазуу жүзүндөгү арызды жана интервьюларды камтыган конкурстук арыз берүү процесси аркылуу графикалык дизайн, санариптик маркетинг жана видео өндүрүү боюнча акысыз виртуалдык үч айлык курстарды камтыган.

Курстун бүтүрүүчүлөрү аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды алышты жана алардын жаңы жөндөмдөрү аларга жаңы карьералык

жолдорду жана стажировкаларды табууга мүмкүнчүлүк берет.

Чыгармачыл кесиптер академиясы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн:

https://www.facebook.com/creative.academy.kg

https://www.instagram.com/creative.academy.kg

Сүрөт: АКШ элчилигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты