БШК менен TikTok аталган платформада саясий үгүт жүргүзүүгө жол бербөө багытында кызматташат

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен TikTok социалдык тармагы аталган платформада саясий үгүт жүргүзүүгө жол бербөө багытында кызматташат. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин билдиргенине караганда, бул келишимге кечээ, 29-сентябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен TikTok платформасынын КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен кызматташуу боюнча регионалдык директору Александр Страх кол койгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө Александр Страх TikTok платформасы шайлоо учурунда мамлекеттер менен кызматташуу боюнча глобалдык стандартты иштеп чыкканын билдирген. Ага ылайык, шайлоо учурунда плафтормага социалдык кастыкты козутуучу, зомбулукка чакыруучу же 13 жаштан улуу колдонуучулардын психикасына терс таасир этүүчү контентти жайгаштырууга жол бербөө боюнча тыкыр көзөмөл жүргүзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн же башка зыяндуу контент аныктала турган болсо, дароо өчүрүлөт.

Мындан тышкары, эгер колдонуучу TikTok платформасында шайлоо же саясий партия жөнүндө тынымсыз маалымат издегени байкалса, ага ишенимдүү маалымат булактары же шайлоону уюштуруп жаткан органдын баракчасы сунуштама катары берилет.

Страх TikTok негизинен көңүл ачуучу жана билим берүүчү контентке багытталган платформа экендигин айтып, анда акы төлөнүүчү саясий жарнактарды жайгаштырууга тыюу салынганын белгилеп өттү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандагы шайлоочулардын 31%ынан көбүн түзгөн жаштардын TikTokту активдүү колдонгонун эске алганда платформанын колдонуучуларын зомбулуктан, кастык тилинен коргоо жана таза шайлоо өткөрүү боюнча жасаган аракеттери шайлоонун маалыматтык чөйрөсү үчүн абдан маанилүү экендигин билдирди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча бул социалдык тармакты колдонгондордун саны бир миллиардга жетти.

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты