«Кумтөр» иши: Кыргызстан эл аралык юристтерге 1,58 млн. доллар төлөдү

  • 3 года мурун

Кыргыз өкмөтүнүн Укуктук өкүлчүлүк борбору “Кумтөр” долбоору боюнча канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен болгон соттук териштирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жаткан юристтерге алгачкы төлөмдөрдү төлөп берди. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин Ачык бюджет порталында берилген.

"Кумтөр" иши: Кыргызстан эл аралык юристтерге 1,58 млн. доллар төлөдү

Укуктук өкүлчүлүк борбору алгачкы төлөмдөрдү ушул жылдын 20-сентябрында эки транш менен жүргүзгөн. Биринчи төлөмдүн көлөмү 133 млн 429 миң 82 сомду түзсө, экинчи төлөм 152 миң сом өлчөмүндө жүргүзүлгөн. Бул эки төлөмдү кошкондо 133 миллион 581 миң 82 сом же Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 1,58 миллион доллар болот.

Төлөмдөр “Кыргызалтын” ААКынын жана Arnold & Porter Kaye Scholer эл аралык юридикалык ишканасынын дарегине жолдонгон.

Centerra Gold Inc. демилгелеген соттук териштирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын Arnold & Porter Kaye Scholer эл аралык юридикалык ишканасынын юристи Бенджамин Минц коргой турганы көрсөтүлгөн.

«Кумтөр» кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия Centerra Gold Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Канадалык Centerra Gold компаниясы ага коюлган дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты