Элмурза Сатыбалдиев шайлоого аттанып жатат

  • 3 года мурун

Элмурза Сатыбалдиев бир мандаттуу округдан шайлоого аттанып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарыялаган тизмеге ылайык, Сатыбалдиев №12 Өзгөн шайлоо округунан талапкер болуу үчүн арыз берген.

Элмурза Сатыбалдиев качкын президент Курманбек Бакиевдин тушунда баш прокурор, 2010-жылдын 7-апрелине чейин президенттин укук жана тартип боюнча кеңешчиси болуп эмгектенген.

Апрель окуясындагы фигуранттардын бири. Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

2016-жылы декабрь айында абак мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнүнө байланыштуу камактан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты